Азия өнүктүрүү банкы Казакстандагы долбоорлорду каржылоого 30 жыл аралыгында 7 миллиард долларга жакын каражат жумшаган. Атап айтканда, банк Батыш Европа – Батыш Кытай Эл аралык коридорунун курулушуна жана Актөбе – Кандыагаш жолун реконструкциялоого катышкан.
Касым-Жомарт Токаев Азия өнүктүрүү банкы президенти жолугушууда өлкө ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда жана улуттук каржы системасын бекемдөөдө фининституттун салымын жогору бааларын баса белгиледи. Президент экономиканы декарбонизациялоону мындан ары өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарынын бири деп атады. Масацугу Асакава Азия өнүктүрүү банкы Казакстандын экономикалык реформалар жаатындагы ийгиликтерин кубаттай тургандыгын баса белгиледи.
Айта кетсек, тараптар Кызылорда – Жезказган автожолунун курулушун 300 млн доллардан ашык каржылоо боюнча келишимге кол коюуну пландаштырууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков