Казакстанда 2021-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин 31 миңден ашуун адам каржы пирамидаларынан жапа чеккен. Алар 54 миллиард теңгеден ашык чыгымга учураган. Мындай маалымат Ички иштер министрлигинин расмий маалыматында айтылат. Бул тууралуу парламентаризм институтунун мүдүрү Мансурхан Махамбетов каржы пирамидаларынын ишмердүүлүгү менен күрөшүү боюнча тегерек столдо билдирди. Анын айтымында, каржы пирамидалары адатта мыйзамдуу микрофинансылык уюмдар, букмекердик кеңселер, керектөө кооперативдери жана жабык фонддор катары иш алып барып, өз ишмердүүлүгүн жашырышат. Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 150-беренесинде каржы пирамидаларын жарнамалоо үчүн айып пул каралган. Бирок бул норма иштебей келет.
Мансурхан Махамбетов, Парламентаризм институтунун мүдүрү:
- Биринчи маселе - каржы пирамидасы. Алдын алуу, өз убагында аныктоо. Экинчиси, кылмыш жоопкерчилигин күчөтүү. Белгилүү болгондой, азыркы кылмыш-жаза кодексинде каржы пирамидасын түзгөн уюмдар жазаланат, ал эми вайн, жарнак жасагандардын жоопкерчиликке тартылуу мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан, бүгүнкү күндө бул кодекстин субъекттери катары алардын милдеттерин карап жатабыз.
Талкууга катышкан Парламент мажилисинин депутаттары, каржы мониторинг агенттигинин өкүлдөрү, ошондой эле адвокаттар «Финансы рыногун жана каржы уюмдарын мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча» буга кошумча «жарнак жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгып, тиешелүү органдарга берүүгө макул болушту.
Которгон: Илгиз Жамалбеков