Казакстан онлайн кызмат көрсөтүү индекси боюнча дүйнөдөгү алдыңкы он өлкөнүн катарында. Мындай маалыматтарды БУУ билдиргенин Energyprom.kz. кабарлады. Online Service Index онлайн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын баалайт. Бул жаатта көрсөткүч алардын спектрин гана эмес, өтүнмөлөрдү берүү менен жыйынтыктоочу натыйжаларды алууну кошо алганда, мамлекеттик органдардын жана жарандардын электрондук форматта өз ара аракеттенүүсүнүн толуктугун көрсөтөт. КМШ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку көрсөткүч Арменияга туура келет. Ал 53-орунга жайгашты. Кийинки орунда Орусия, Өзбекстан, Кыргызстан, Түркмөнстан турат. Ал эми рейтингде Түштүк Корея алдыда. Белгилей кетсек, буга чейин Казакстан тизмеде 24-орунда турган. Казакстандыктар онлайн мамлекеттик кызматтарды алуу үчүн Еговдун платформасына жыл сайын 40 миллион жолу кайрылышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

