Астанада V Евразиялык экономикалык форум өттү

Астанада V Евразиялык экономикалык форум өттү

Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердеги жасалма интеллект жана санариптик трансформация маселелери Астана шаарында өткөн V Евразия экономикалык форумунун пленардык сессиясында негизги темалар болду. Форумдун жогорку даражалуу конокторунун арасында биримдикке мүчө мамлекеттердин башчылары – Орусия, Кыргызстан, Беларусь, ошондой эле Армения, Куба, Вьетнам, Монголия жана Евразия экономикалык комиссиясынын расмий делегациялары бар. Форумдун ишин Казакстандын президенти ачты. Касым-Жомарт Токаев болуп көрбөгөндөй геосаясий туруксуздукка карабастан, интеграциялык бирикменин өлкөлөрү биргелешкен аракеттердин аркасында өз экономикаларынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кыла алганын баса белгиледи.  Эми ЕАЭБдин дараметин мындан ары да чыңдоо стратегиялык маанилүү милдет болуп саналат. Анын үстүнө дүйнөлүк рынокто абал алдын ала айтууга мүмкүн эмес – салттуу экономикалык кыйынчылыктар масштабдуу санариптик жылышка кошулду. Жасалма интеллектти колдонуу технологиялык түзүлүштү жана иш менен камсыз кылуу түзүмүн өзгөртөт.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


Эл аралык валюта фондунун баалоосу боюнча, жакынкы жылдарда жасалма интеллект технологияларын киргизүүнүн натыйжасында дүйнөлүк эмгек рыногунда жумуш орундарынын болжол менен 40 пайызы кыскарат. Албетте, бул жүздөгөн миллион адамдарды кайра даярдоодон өткөрүүнү талап кылат. Дал ушул себептен, Евразия экономикалык союзунун органдарында төрагалык кылган жылы Казакстан союзга мүчө өлкөлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, уюмдун алкагындагы «төрт эркиндикти» камсыз кылуу үчүн жасалма интеллект технологияларын практикалык жүзүндө колдонууну сунуштады.


Касым-Жомарт Токаев санариптик технологияларды колдонууда Казакстандын чечимдерин белгиледи. Мисалы, өлкөдө 2026-жыл Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү жылы деп жарыяланды, тиешелүү министрлик жана дүйнөлүк серепчилердин катышуусунда Жасалма интеллектти өнүктүрүү боюнча кеңеш түзүлдү. Бирок эң негизгиси – жаңы Конституцияда жарандардын жеке маалыматтарын коргоо укугу бекитилген. Өлкөдө технологиялык инфраструктура да түзүлүүдө – NVIDIA технологияларынын негизинде эки суперкомпьютер ишке киргизилди, «Маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорунун өрөөнү» долбоору ишке ашырылууда. Адамдык капиталдын дараметин өнүктүрүү үчүн эл аралык мектептер ачылды, ал эми орто билим берүү системасына жасалма интеллект киргизилип жатат.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


Казакстан ЕАЭБ мамлекеттери менен тездетилген санариптик трансформацияны сапаттуу камсыз кылуу үчүн өнөктөштүккө жана кызматташууга ачык. Менин оюмча, жаңы технологияларды, биринчи кезекте жасалма интеллектти соода жана логистика чөйрөсүнө киргизүүнү активдештирүү өтө маанилүү. Бажы процедураларын тездетүү максатында улуттук санариптик системалардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү зарыл. Бизнестин чыгымдарын кескин азайтууга жана ЕАЭБ мейкиндигинде сооданын көлөмүн көбөйтүүгө санариптик кол тамгаларды өз ара таануу жардам берет.

 

Казакстандын президенти белгилегендей, жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн логистикада гана эмес, өнөр жай кооперациясын кеңейтүүдө, агроөнөр жай комплексинде да колдонсо болот. Касым-Жомарт Токаев жаңы технологияларды активдүү жана ар тараптуу колдонуу мамлекеттердин динамикалуу экономикалык өсүшүнүн фактору жана өз ара байланыштын, кызматташтыктын куралы болорун баса белгиледи. Белгилей кетсек, ЕАЭБге мүчө мамлекеттер жана байкоочулар жасалма интеллектти жоопкерчиликтүү өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Документтин негизги максаты – экономиканы санариптештирүүгө жалпы ыкмаларды белгилөө жана жасалма интеллектти коопсуз киргизүүнү камсыз кылуу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков