Казакстан менен МАГАТЭ техникалык кызматташтык орнотууга макулдашты

Казакстан менен МАГАТЭ техникалык кызматташтык орнотууга макулдашты

Бул тууралуу өлкөнүн Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Келишим тараптардын ортосундагы техникалык кызматташтыкты орто мөөнөттүү пландаштыруу үчүн негиз болуп саналат. Жаңы документте төрт артыкчылыктуу багыт аныкталган: өзөктүк энергетика инфраструктурасы, ядролук жана радиациялык коопсуздук, тамак-аш коопсуздугу жана ядролук медицина. Программада Казакстандын биринчи атомдук электр станциясын курууну мерчемдеген өлкө катары макамы эске алынган. Өзөктүк технологияларды жана техникалык кызматташтык ресурстарын берүү өлкөнүн улуттук өнүгүү максаттарын колдоого багытталат деп күтүлүүдө. Эске сала кетсек, Казакстан МАГАТЭ менен 1994-жылдан бери өз ара кызматташып келет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков