Касым-Жомарт Токаев Австриянын Федералдык Президентин жана Элин Австрия Республикасынын Улуттук күнү менен куттуктап, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады. Мамлекет башчысы Александр Ван дер Белленге куттуктоо телеграммасын жөнөттү. Анда Европанын мейкиндигинде Казакстандын ишенимдүү өнөктөштөрүнүн бири болгон Австрия менен көп кырдуу кызматташтык мындан ары да салттуу достук жана өз ара колдоо рухунда бекемделе берери айтылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков