Казакстандын
Президенти Конституциялык
комиссия түзүү жөнүндө Жарлыкка кол койду. Анын милдети – Конституциялык
реформа боюнча сунуштарды иштеп чыгуу. Жарлыктын текстинде Комиссия
президенттин алдындагы консультативдик-кеңеш берүүчү орган болуп саналат деп
белгиленген. Анын курамына 120дан ашык адам кирди – бул Улуттук курултайдын
мүчөлөрү, парламенттин депутаттары, облустук маслихаттардын, ишкер чөйрөлөрдүн,
коомдук уюмдардын өкүлдөрү, юристтер, окумуштуулар, серепчилер, маданият ишмерлери.
Документке ылайык, Конституциялык комиссиянын төрайымы болуп республиканын
Конституциялык сотунун төрайымы Эльвира Азимова дайындалды. Анын орун басарлары – Мамлекеттик кеңешчи Ерлан Карин
жана Премьер-министрдин орун басары – Маданият жана маалымат министри Аида
Балаева. Мамлекет башчысы Кызылорда шаарында өткөн Улуттук курултайдын V
жыйынында парламенттик реформанын жүрүшүндө конституциялык өзгөртүүлөрдүн
көлөмү кыйла көбөйгөнүн белгилеген. Башында түзөтүүлөр Башкы мыйзамдын 40ка
жакын беренесине тиешелүү болот деп болжолдонгон. Бирок кийинчерээк өзгөртүүлөр
масштабдуу мүнөзгө ээ экени белгилүү болду. Андан тышкары, алар жаңы
Конституцияны кабыл алууга тең, деп баса белгиледи Касым-Жомарт Токаев.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

