Дүйнө коомчулугунун көңүлү Тяньцзинде өтүүчү ШКУнун
саммитине өзгөчө бурулуп турат. Уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын
мааракелик 25-кеңешине 20дан ашуун өлкөнүн лидерлери жана 10 эл аралык уюмдун
өкүлдөрү чогулат. ШКУга төрагалык кылуу Кытайга Казакстандан өткөн жылдын теке
айында Астанадагы саммиттен кийин өткөн, анда биринчи жолу «ШКУ+» форматындагы жолугушуу болгон. Бүгүнкү күндө эки өлкө
стратегиялык өнөктөш болуп саналат. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча эки тараптуу
сооданын көлөмү рекорддук 43,8 миллиард долларга жетти, транспорттук коридорлор
жана жашыл энергетика жана билим берүү тармагындагы биргелешкен долбоорлор
активдүү өнүгүүдө. CGTN баяндамачысы Хань Сюйлиндин айтымында, саммит аймактык
соодага, инновацияларга жана экологиялык демилгелерге жаңы дем берет деп
күтүлүүдө.
Хань Сюйлинь, CGTN телеканалынын баяндамачысы:
- Кытай менен Казакстандын
ортосунда азыр эки темир жол өткөөлү иштейт, үчүнчүсү курулуп жатат, Кытайдын
чыгыш жээгиндеги Ляньюньган шаарында логистикалык база иштейт, бул Казакстанга
деңизге жана Азия-Тынч океан аймагынын кеңири рыногуна чыгууга мүмкүндүк берет.
Тяньцзинь саммити практикалык кызматташтык үчүн дагы чоң долбоор болуп, уюмдун
алкагындагы өз ара аракеттенүү деңгээлин жаңы баскычка көтөрүшү мүмкүн. Си
Цзиньпин ШКУну андан ары өнүктүрүү боюнча жаңы демилге менен чыгат. Мындан
тышкары, ШКУ үчүн салттуу болгон аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, башка
экономикалык өз ара аракеттенүү сыяктуу чөйрөлөрдө жаңы пландар түзүлүшү
мүмкүн.

