Казакстандык экспорттоочулардын тышкы рынокторго чыгышын колдоо үчүн 3,7 миллиард теңге бөлүндү. Өлкөнүн Соода жана интеграция министрлиги бул каражаттарды ата мекендик өнүмдөрдү импорттоочуларга жеткирүү баасынын бир бөлүгүн жабууга жумшайт. Колго алынган чаралар суроо-талаптын бар экенин көрсөтөт, - деп билдирет тармактык мекеме. Бул жааттагы дагы бир жаңылык – «бирдиктүү санариптик терезе» системасы - ишкер менен мамлекеттин ортосундагы административдик жараяндарды оптималдаштыруу жана ишкердик жигердүүлүктү жогорулатууга өбөлгө болот. Казакстандын бизнес коомчулугун колдоо механизмдеринин бири – соода-экономикалык милдеттер жана көргөзмөлөр. Өткөн жылы көптөгөн иш-чаралар пандемияга байланыштуу кийинкиге калтырылган. Быйыл абал жакшырып, Борбор Азия аймагы жана Орусияда беш эл аралык жыйын өттү. Жолугушууларга 160тан ашуун компания катышты. Жыйынтыгында ар кандай багытта жалпы наркы 160 миллиондон ашык долларды түзгөн экспорттук келишимдерге кол коюлду. Жыл аягына чейин дагы бир нече жолугушууларды уюштуруу көздөлгөн. Мындай чаралар ишкерлерге мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү үчүн колго алынган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков