Көп полярдуу кызматташтык

Казакстан менен Сингапур өнөктөштүк жылдарында  көптөгөн тармактарда бекем жана ишенимдүү мамилелерди түзүштү. Алардын арасында экономикадан тышкары билим берүү, энергетика, маалымат технологиялары, каржы жана маданият бар. Жыл өткөн сайын бул кызматташтык бекемделип келе жатканын серепчилер айтышат. Алардын айтымында, сингапурдук бизнестен өлкөгө болгон кызыгуу күч алууда. Ири компаниялар Казакстанда биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууга кызыкдар. Бул өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртууга чоң көңүл буруп жатканынын далили. Ошол эле учурда, Сингапур электрондук коммерцияны, каржы техника долбоорлорун жана акылдуу шаарларды өнүктүрүүдө кызматташуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачып, бай тажрыйба жана билим менен бөлүшө алат. Ошондой эле, республика энергетика, тоо-кен өндүрүшү, айыл чарба, логистика жана инфраструктура тармактарында кеңири инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Буга кошумча Казакстан энергетика, тоо-кен өндүрүшү, айыл чарба, логистика жана инфраструктура тармактарында кеңири инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт. Кошумчалай кетсек, республика Европа менен Азиянын кесилишинде болуу менен шаар мамлекет үчүн стратегиялык маанилүү географиялык өнөктөш болуп саналат.

Асмади Бин Ахмад, GEMX TECHNOLOGIES PTE LTD негиздөөчүсү, саясат таануучу

– Мурдагы президент Халима Якубдун былтыр Астанага болгон иш сапарында мен расмий делегациянын мүчөсү болгом. Мен Казакстандын максаттарын, мени менен резонанс жараткан келечекке болгон көз карашын түшүндүм. Өлкө каржы технологиялары боюнча абдан динамикалуу өнүгүп, Борбордук Азиядагы негизги хабга айланууда. Бул Казакстандын дарбазасын ачуу менен бүтүндөй Борбор Азия рыногуна кире аларын түшүнгөн инвесторлорду өзүнө тартып турат.

Мен Чи Кёнг, CRIMSONLOGIC башкы мүдүрү, экономист:

– Мен АЭКБнын жаңыдан ишке кирип жатканын, акча санариптештирүү боюнча алгачкы кадамдары жасалып, E-justice платформасын ишке киргизүүдөгү тарыхый учурдун күбөсү болгом. Ошондон бери Казакстан экономиканы өнүктүрүүдө жана санариптештирүүдө өзгөчө чоң секирик жасады. Мындай кескин секирүү мени абдан таң калтырды. Мисалы, бир эле тиркеме аркылуу таксиге буйрутма берсек, азыр алардын бир нечеси пайда болду. Ошондой эле накталай акча жөнүндө. Азыр баары накталайсыз болуп калды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков