Улуттук банк инфляция жылдын аягына карата 11-14%га чейин төмөндөйт деп болжолдоодо

Улуттук банк инфляция жылдын аягына карата 11-14%га чейин төмөндөйт деп болжолдоодо

Казакстанда инфляция басаңдай түштү. Көрсөткүч төртүнчү ай катары менен төмөндөп жатат. Жылдын аягына чейин 11-14%га чейин өсүшү мүмкүн. Мындай божомолду Улуттук банк келтирип жатат. Акча-насыяны жөнгө салуучу органдын маалыматы боюнча, кулжа айында 14,6%га төмөндөдү. Мында азык-түлүккө дүйнөлүк баанын андан ары төмөндөшү жана соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдө инфляциянын басаңдашы инфляцияны ооздуктоого таасирин тийгизет. Деген менен серепчилердин баамында, про-инфляциялык тобокелдиктерди ички факторлор тарабынан кармалып турат. Атап айтканда, бул инфляциялык күтүүлөр, фискалдык стимулдун жогорулашы, күйүүчү майга жана турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жогорулашы менен байланыштуу. Эске сала кетсек, теке айынын башында Улуттук банк базалык ченди жылдык 16,75%дык деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алган. Инфляциянын басаңдашы келечекте аны акырындык менен төмөндөтүүгө жардам берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков