Starlink Казакстанда расмий түрдө ишке кирет

Starlink Казакстанда расмий түрдө ишке кирет

Starlink Казакстанда расмий түрдө пайда болот. Республикада спутниктик терминалдарды мыйзамдуу сатуу башталат, алар эң алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарды да сапаттуу жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыз кылат. Сапаттуу байланышка инфраструктуралык объектилер да ээ болот. Буга чейин долбоор республикада пилоттук режимде – айылдык мектептерде гана иштеп келген.

Жаслан Мадиев, Санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министри:

- Starlink спутник терминалдарын расмий сатуу 2025-жылдын үчүнчү кварталында башталат. Аларды жеке адамдар, юридикалык жактар жана мамлекеттик органдар колдоно алышат. Терминалдарды айыл чарба, өнөр жай, жер казынасын пайдалануу жана экономиканын башка тармактарында натыйжалуу колдонсо болот.

Которгон: Назира Бегалиева