Казакстан менен Кытай транспорт тармагын бекемдейт

Казакстан менен Кытай транспорт тармагын бекемдейт

Казакстан менен Кытай трансчегаралык дарыялар аркылуу өз ара аракеттенүү чөйрөсүн кеңейтет. Борбор калаада биргелешкен транспорт форумунун жүрүшүндө бул багытта бир катар макулдашууларга жетишилди. Тараптар Иртыш аркылуу «Орусия – Казакстан – Кытай» транзиттик коридорун жана Кунаев шаарынан Инин шаарына чейин Иле дарыясынын каттамын түзүүнү талкуулашты. Эки өлкө тең деңиз жолдорунун дараметин эки эсеге көбөйтүүнү көздөп жатышат. Ошол эле учурда бүгүнкү күндө Актау портунда биргелешкен контейнердик хаб курулуп жатат. Бул өткөрүү жөндөмдүүлүгүн 140 миңден 240 миң контейнерге чейин жогорулатат. Мындан тышкары, автотранспорт менен жүк ташуу күч алууда. Ошентип, ушул жылдын биринчи кварталында эле мындай жеткирүүлөрдүн саны 82% га көбөйгөн. Эми авто өткөрүү бекетинде оор жүк транспорттору өтө турган жаңы чек ара көпүрөсүн салуу менен 3-аба коридорун ачуу мерчемделип жатат. Бул эки өлкөнүн ортосунда жумасына 65 рейс жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле тараптар «Алматы–Сиань» багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташуучу поездди ишке киргизүүнү көздөшүүдө. Жалпы өз ара темир жол менен жүк ташуу да жанданып келүүдө. 

Марат Карабаев, транспорт министри: 

- Быйыл «Достык – Мойынты» темир жолунун экинчи коридору толук пайдаланууга берилгенден кийин эки өлкө ортосундагы өткөрүү мүмкүнчүлүгү азыркы 28ден 62 миллион тоннаны түзөт. Ал эми 2027-жылдын аягына чейин «Бакты–Аягөз» каттамы ишке киргизилгенден кийин Казакстан менен Кытайдын ортосундагы темир жолдун өткөрүү жөндөмдүүлүгү 28 миллион тоннадан 100 миллион тоннага жетет. Бул кийинки үч жылдын ичинде дараметтин үч эсе жогорулашы. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков