Быйыл Казакстандын экономикасы 4% өсөт. Бул Евразия өнүктүрүү банкынын жасаган божомолу.
Талдоочулардын айтымында, карантиндик чектөөлөрдүн жеңилдетилиши, мамлекеттик фискалдык саясаттын улантылышы жана ишкерлерге көрсөтүлгөн мамлекеттик колдоо өлкөдөгү экономикалык активдүүлүктүн калыбына келүүсүнө таасир этет. Аны менен катар, серепчилердин айтымында, быйыл дүйнөлүк экономика бир кыйла жакшырып, өсүш 6%га жетиши мүмкүн. Бирок энергия булактары жана азык-түлүккө баанын көтөрүлүшү инфляцияга алып келиши ыктымал.
Николай Подгузов, Евразия өнүктүрүү банкы башкармасынын төрагасы:
- Жогорудагы маалыматтардын бардыгы Казакстандагы экономикалык көрсөткүчтөрдүн динамикасы үчүн белгилүү бир ландшафтты түзөт. Казакстанда экономиканы калыбына келтирүү темпи да маанилүү. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Казакстандын экономикалык өсүшү болжол менен 4 % ды түзөт деп күтүп жатабыз. Бирок инфляциянын деңгээли өсүшү мүмкүн деген кооптонуу бар. Дүйнөдө азык-түлүккө болгон баалар бир аз басаңдай баштагандыктан, Казакстан Борбордук банкынын 9 % эсептик көрсөткүчү экономикалык өсүш менен инфляциялык тобокелдиктердин ортосундагы тең салмактуулукту сактоого жардам берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков