Казак-Кыргыз чек арасында жаңы соода логистикалык борбор түзүлөт

Казак-Кыргыз чек арасында жаңы соода логистикалык борбор түзүлөт

Казакстан менен Кыргызстандын чек арасында жаңы соода-логистикалык хаб салынат. Азыр Жамбыл облусундагы «Карасу» өткөрмө бекетинин аймагында атайын орун бөлүнүп, даярдык жумуштары жүрүп жатат. Соода борбору «Алатау» деп аталмакчы. Бекет эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө мүмкүндүк берет деп пландалууда.

Айта кетсек, жакында мамлекет башчылары өз ара соода көлөмүн 1 млрд долларга жеткирүүнү убадалашкан. Жаңы соода комплекси агроөнөржай комплексин өнүктүрүүгө, ошондой эле, кесиптик кооперацияны жаңылоого шарт түзөт. Мындан тышкары, эки өлкөнүн ушул багыттагы биргелешкен долбоорлору көбөйүп, товар жеткирүү баасы төмөндөйт деген божомол бар.