Бал өндүрүүчү ишкана биринчи жолу Европа бирлигинин тизмесине киргизилди

Бал өндүрүүчү ишкана биринчи жолу Европа бирлигинин тизмесине киргизилди

Казакстан Европага бал жеткирет. Жергиликтүү компаниялардын бири сапат стандарттарынан расмий түрдө таанылып, ЕБ реестрине кирди. Серепчилердин айтымында, бул Чыгыш Казакстан облусунун өндүрүүчүсү үчүн тарыхый окуя. Ишкана өндүрүштү ЕБнын ветеринардык-санитардык стандарттарына толугу менен ылайыкташтыра алды. Эми компания өз продукциясын Германия жана Франциядан баштап Ирландия, Греция жана Балтика өлкөлөрү менен аяктаган 25тен ашык Европа мамлекеттерине жөнөтө баштайт.


Кызгалдак Жубатканова, Ветеринардык контролдоо жана көзөмөлдөө комитетинин башкармалыгынын жетекчиси:


- Бул Айыл чарба министрлигинин алдындагы Ветеринардык контролдоо жана көзөмөлдөө комитетинин көп жылдык системалуу ишинин натыйжасы. Бул иш үч жыл бою жүргүзүлдү. Мындан тышкары, комитет жана Айыл чарба министрлиги Европа Биримдигине продукция экспорттоого ошол эле уруксатты ала ала турган казакстандык компаниялардын санын көбөйтүү боюнча иш алып барууда.


Белгилей кетсек, 2025-жылы Казакстанда 5 миң тоннага чейин бал өндүрүү пландаштырылууда. Жергиликтүү өнүм табигыйлыгы жана консерванттардын жоктугу менен айырмаланат. Бул продукцияны сатуунун жаңы рынокторуна чыгууда башкы аргумент болуп саналат.

Которгон: Назира Бегалиева