Быйыл Казакстан рекорддук көлөм менен 12 миллион тонна
эгин экспорттоого ниеттенүүдө. Мындан тышкары, өнүмдүн бир бөлүгү жаңы
рынокторго жөнөтүлөт. Дыйкандардын айтымында, быйыл мол түшүм алуу
атаандаштыкты жаратат. Бул өз кезегинде дан эгиндеринин баасына таасир этет.
Нурлан Оспанов, Казакстан дан биримдигинин төрагасы:
- Биз базар баасында сатабыз. Жаңы экспорттук рынокторго
дан жеткирүү көлөмүн 2 млн тоннага чейин көбөйтүүнү көздөп жатабыз. Алар
Европа, Түндүк Африка жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү. Орусиянын же Кытайдын
аймагы аркылуу транзит менен аталган өлкөлөргө жөнөтөбүз. Ошондуктан, биз өкмөт
менен конкреттүү колдоо кадамдарын талкуулашыбыз керек жана эгер алар ишке
ашса, быйыл жаңы рынокторго чыгууну пландап жатабыз.
Быйыл
дан эгиндеринин көпчүлүгү 3-сортто. Көбүнчө ун жана нан азыктарын өндүрүү үчүн
колдонулат. Адистердин айтымында, өткөн жылы чийки заттын көпчүлүгү биринчи
класстан төмөн болгон.
Марлен Оспанов, Айыл чарба министрлигинин өсүмдүк
чарбачылыгын өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы:
- Белгилей кетсек, дандын
сапаты боюнча 3-класстагы дан 60% түзөт. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Өткөн жылга салыштырмалуу
көрсөткүч үчүнчү класстын 35% түздү.
Белгилей кетсек, 2023-жылы Казакстан 8 жарым миллион
тоннадан ашык айыл чарба өнүмүн 2 миллиард доллардан ашуун суммага
экспорттогон. Өлкө дан эгиндеринин көпчүлүгүн Өзбекстан, Кытай, Тажикстан,
Түркмөнстан жана Италияга жеткирген. Астанадагы конференцияга ар кайсы
өлкөлөрдөн казакстандык өндүрүмдүн дараметтүү сатып алуучулары чогулду. Алардын
көбү бир нече жылдан бери ата мекендик буудайдын импортчулары болуп келишет. Ошондой
эле жаңы келишимдерди түзүүгө каршы эмес.
Аурелио Ди Карло, экспорттоочу/Италия:
- Биз Казакстан менен 8 жылдан бери иштешип келе жатабыз.
Буудай сатып алабыз жана Италиянын ар кайсы аймактарында соода кылабыз. Биз
өнөктөштөрүбүз менен жолугушуп, өнөктөштүктүн жаңы багыттарын карап чыктык.
Жогорку сапаттагы буудай. Өткөн жылы дан эгиндери жамгырдан бир аз жабыркады,
бирок биздин тегирменчилер данды кайра иштетүүгө жетишти. Быйыл дан эгиндеринин
сапаты бир аз жакшыраак. Бул көлөмүн көбөйтүүгө жардам берет деп үмүттөнөбүз.
Адатта, биз жылына болжол менен 200 миң тонна сатып алабыз.
Жалпысынан түшүм жыйноо өнөктүгүнүн жыйынтыгында
казакстандык дыйкандар 20 миллион тоннага жакын эгинди кампага салууну
пландаштырууда.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков