Казакстан менен Кытай медиа жана жасалма интеллект тармагында кызматташтыкты тереңдетүүдө

Казакстан менен Кытай медиа жана жасалма интеллект тармагында кызматташтыкты тереңдетүүдө

Казакстандын мамлекеттик кеңешчиси Ерлан Карин Кытайга болгон жумушчу сапарынын алкагында China Media Groupтун башкы мүдүрү Шэнь Хайсюн менен маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин талкуулады. Жолугушууга ошондой эле өлкөнүн Кытайдагы элчиси Шахрат Нурышев, Казакстан Президентинин Телерадиокомплексинин мүдүрү Раушан Кажибаева жана «Jibek Joly/Silk Way» телеканалынын жетекчиси Еркежан Күнтуган катышты. Мамлекеттик кеңешчи Президент Токаевдин жетекчилиги астында жүргүзүлүп жаткан реформалардын мазмуну жана мааниси тууралуу айтып берди. Ошондой эле тараптар өткөн жылы Казакстанда өткөн жана Кытайдагы көрүүчүлөрдүн арасында атак-даңкка ээ болуп, 1 миллиарддан ашык көрүүнү топтогон «Silk Way Star» эл аралык сынагынын уюштурулушун жогору баалашты. Сүйлөшүүдө долбоордун экинчи сезонун өткөрүүгө даярдыктар талкууланды. Анын тартылуу иштери теке айында Кытайдын Иу шаарында өтөт. Сынакка Казакстандан Рухия Байдукенова катышат. Мындан тышкары, Ерлан Карин 2026-жылы тогуздун айында биринчи Astana AI Film Festival эл аралык кинофорумунун өткөрүлүшү тууралуу билдирди. Анын негизги окуясы жасалма интеллект технологияларын колдонуу менен түзүлгөн кыска метраждуу тасмалардын сынагы болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков