Сенат Казакстан
менен Кытай өкмөттөрүнүн ортосундагы кайра жанма энергия булактары жаатындагы
келишимди жактырды. Анын алкагында Караганды, Түркестан жана Павлодар
облустарында шамал жана күн электр станцияларын куруу каралган. Курула турган
инвестициялардын жалпы көлөмү 2,2 млрд долларды түзөт. Аларды 2027-2029-жылдары
аяктоо пландаштырылган. Бул долбоорлорду ишке ашыруу энергетикалык коопсуздукту
камсыздоого, «жашыл» технологияларды киргизүүгө жана парник газдарынын бөлүнүп чыгышын
азайтууга өбөлгө түзөт.
Султан
Дүйсембинов, Парламент сенатынын депутаты:
– Долбоорлордун жалпы кубаттуулугу 1,8 гигаватты түзөт. Мындай көлөмдөгү
кубаттуулук өлкөнүн энергетикалык балансындагы «жашыл» электр энергиясынын
үлүшүн көбөйтүп гана тим болбостон, бир катар аймактардын инфраструктуралык
өнүгүүсүнө түрткү берет. Бул демилгелер Казакстандын
2030-жылга чейин кайра жанма энергия булактарынын үлүшүн көбөйтүү жана
2060-жылга карай көмүртектин нейтралдуулугуна жетүү боюнча стратегиялык
максаттарына толук ылайык келет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

