Казакстандын экономикасында алгылыктуу динамика бар. Бул
тууралуу эл аралык валюта фонду маалымдады. 2024-жылы өлкөнүн ИДӨнүн өсүшү
болжол менен 4% түзөт. Каржы институту инфляцияны төмөндөтүү чараларына жогорку
баа берди. Бүгүнкү күндө инфляциянын деңгээли төмөндөп, баш оона айында 8,4% ды
түздү. Фонддун Казакстандагы миссиясынын башчысы Николя Бланше Астанадагы
маалымат жыйынында казак экономикасы структуралык реформаларга муктаж деп
эсептейт.
Николя Бланше, ЭВФ Казакстан
боюнча миссиясынын башчысы:
- Салыктардын, жеңилдиктердин
жана чегерүүлөрдүн санын кыскартуу жана кошумча нарк салыгынын өлчөмүн
жогорулатуу зарыл деп эсептейбиз. Бул абдан маанилүү иш-чара жана биз
парламентте тиешелүү талкууларды чыдамсыздык менен күтөбүз. Расмий органдардын
бул реформаларды ишке ашыруу боюнча демилгелерин колдойбуз. Белгилүү болгондой,
Салык кодексин бекитүү 2025-жылдын ортосуна чейин жылдырылды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков