В2В жолугушуулар, ишкер байланыштарды түзүү, келишимдерге кол коюу. Астанада
жыл сайын өтүүчү Кытай товарларынын көргөзмөсүндө ата мекендик ишкерлер Кытай
өндүрүшчүлөрү менен соода алакасын күчөтө алышты. Иш-чарага Кытайдын алдыңкы
провинцияларынан 300гө жакын бизнес өкүлдөрү катышты. Белгилей кетсек,
КЭР-биздин өлкөнүн эң ири соода жана стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири. Өз ара
товар жүгүртүүнүн динамикалык өсүшү сандар менен тастыкталат: 2023-жылы ал 31
миллиард доллар ашып, дароо үчтөн бирине көбөйдү.
Чжан Сяо, Кытай Эл Республикасынын Казакстандагы элчиси:
- Бул көргөзмө биздин эки өлкөнүн ортосундагы
соода-экономикалык мамилелерди тереңдетүү жана тездетүү үчүн күчтүү импульс
берет. Жакынкы жылдарда биздин өлкөлөрдүн товар жүгүртүүсүн эки эсеге көбөйтүп,
мамлекет башчылары тарабынан коюлган милдеттерди аткарууга сөзсүз өз салымын
кошот деп ишенем.
Соода мамилелерин бекемдөөгө транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү,
ошондой эле E-commerce таасир этет. Кытайдын ири базарларында Казакстандын
Улуттук павильону JD.com жана Alibaba ачылды. Азыр ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн
дагы бир популярдуу Кытай платформасына чыгуусу да активдүү иштелип жатат. Эске
салсак, биздин өлкө географиялык жайгашуусунан улам электрондук соода үчүн
негизги транзиттик хаб болууга умтулат.
Асель Егембердиева, «QazTrade» соода саясатын өнүктүрүү борборунун башкы мүдүрүнүн орун
басары:
- Бүгүнкү күндө Сычуань провинциясы, биринчи кезекте СУАР сыяктуу провинциялар менен абдан көп жана активдүү байланыштар түзүлгөн. Азыр Цзянсу провинциясы менен кызматташуу активдүү жүрүп жатат. Ал жерде үстүбүздөгү жылдын аяк оона айында «Борбордук Азия-Казакстан» эл аралык борбору ачылат, анда Казакстан товарлары жана мамлекеттик органдардын ошондой эле квазимамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен да көрсөтүлөт.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков