Казакстандын Президенти Кызыл Чырым эл аралык комитетинин президентин кабыл алды

Казакстандын Президенти Кызыл Чырым эл аралык комитетинин президентин кабыл алды

Казакстан эл аралык гуманитардык укукту күчөтүү боюнча глобалдык демилгенин алты демилгечи мамлекетинин бири болуп саналат. Бул тууралуу Президент Касым-Жомарт Токаев Кызыл Чырым Эл аралык комитетинин башчысы менен жолугушууда билдирди. Казакстандын лидери уюмдун бейтарап мандаттын негизинде иш алып барган уникалдуу мүнөзүн белгилеп, гуманитардык жардам саясатташтырылбашы керектигин баса белгиледи. Жолугушууда ошондой эле жылдын аягында Иорданияда өтө турган согуш учурундагы гумандуулук маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги конференцияга даярдык маселелери козголду. Өз кезегинде Мирьяна Сполярич Казакстанга гуманитардык демилгелерди колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.