Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди. Бул эл аралык байкоочулардын эң чоң миссиясы. Анын адистери Казакстандагы шайлоо системасынын реформасына оң баа беришүүдө. Министрлик өкүлдөрүнүн айтымында, европалык өнөктөштөр тарабынан эки тараптуу кызматташтыктын дараметин жогорулатууга кызыгуучулук артып келүүдө. Маселен, үстүбүздөгү жылдын кулжа айында өтө турган Астана эл аралык форумуна ири трансулуттук компаниялардын жана академиялык топтордун деңгээлинде эски континенттин бир катар өлкөлөрү катышууга кызыкдар. Мындан тышкары Улуу Британиянын, Чехиянын, Италиянын, Австриянын өкүлдөрүнүн жакынкы аралыкта Казакстанга жогорку деңгээлдеги сапарлары менен келиши күтүлүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков