Казакстан президенти борбор калаадагы бир катар объектилерди кыдырды

Казакстан президенти борбор калаадагы бир катар объектилерди кыдырды

Республикалык Президент архиви Алматыдан Астанага көчтү. Бүгүн Касым-Жомарт Токаев жаңы имаратта болду. Бул жерде Казакстандын 1918-жылдан берки саясий тарыхы тууралуу материалдар, анын ичинде мамлекеттин калыптанышы, ички, тышкы саясат жана реформалар тууралуу маалыматтар топтолгон. Бул Борбор Азиядагы биринчи архив, ал өлкөнүн документалдык мурастарын сактоочу жай катары гана эмес, билим берүү жана илимий-методикалык борбор катары да иштейт. Адистештирилген имарат лабораториялык комплексти, интерактивдүү экспозициялык окуу залдарын жана түздөн-түз архив сактоочу жайларды камтыйт. Алар 24  кагаз материалдары үчүн гана эмес, аудиовизуалдык жана электрондук документтер үчүн да арналган.

Андан кийин Касым-Жомарт Токаев Казак Улуттук искусство университетинин реконструкциясы менен таанышты. Жаңылануунун аркасында анын башкы корпусунун аянты 10 миң чарчы метрге көбөйүп, 38 миңге жетти. Мында 1100 орундуу чоң концерттик зал, академиялык музыка үчүн камералык зал, студенттердин жана чакырылган сүрөтчүлөрдүн көргөзмөлөрү үчүн галереялар, репетициялык студиялар пайда болду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков