КМШ өлкөлөрү радиоактивдүү материалдарды ташуу боюнча улуттук талаптарды оптималдаштырат. Сенат дал ушуну караган келишимди жактырды. Ал тынчтык максатта колдонулган радиоактивдүү материалдарды ташуу маселелерин жөнгө салуу үчүн түзүлгөн. Башкача айтканда, бул процессте кечигүүлөрдү болтурбоого жана коопсуздугун камсыздоого багытталган. Бул учурда, трансчек аралык ташууну ишке ашыруу үчүн катышуучу өлкөлөрдүн мыйзамдарына ылайык экспорт, транзит жана көздөгөн мамлекеттин ыйгарым укуктуу органдары берген уруксат документтери болууга тийиш экенин белгилей кетүү керек.
Маулен Ашимбаев, Парламент сенатынын төрагасы:
- Документте ташуу учурунда калкты жана айлана-чөйрөнү зыяндуу таасирден коргоого багытталган чаралар каралууда. Ошондой эле авариялык кырдаалдардын алдын алуу маселелери да жөнгө салынган. Жалпысынан, мыйзам КМШ мамлекеттеринин арасында бул тармактагы кызматташтыкты чыңдоого өз салымын кошот деп ишенебиз.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

