Жетису аймагында Хоргос-Чыгыш дарбаза атайын экономикалык аймагында жайгашкан, Казакстан – Кытай Эл аралык өнөр жай шаары долбоору жандана турган болду. Облустук администрациядан билдиришкендей, аны ишке ашырууга 1 триллион теңгеден ашык каражат жумшалат. Логистикалык технопарктын аймагында жаңы өнөр жай комплекстери, өнүккөн инфраструктура, айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүчү ишканалар, соода жана оюн-зоок борборлору жана фуд-корт сыяктуу объектилер курулат. Эске сала кетсек, пандемиядан улам ал жерде курулуш иштери токтоп, 2 жылга созулуп кеткен.
Которгон: Илгиз Жамалбеков