Казакстан менен ЕКӨБ наркы 10 миллиард долларды түзгөн долбоорлорду ишке ашырды

Казакстан менен ЕКӨБ наркы 10 миллиард долларды түзгөн долбоорлорду ишке ашырды

Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкы Казакстанга алдыдагы беш жылга жаңы стратегия иштеп чыкты. Документте жеке ишкердиктин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, жашыл саясатты колдоо жана көмүртектүү нейтралдуулук жаатында кызматташуу маселелери каралган. Бул тууралуу премьер-министр Алихан Смаиловдун каржы институттары боюнча вице-президенти Алан Пия менен жолугушуусунда айтылды. Тараптар бир катар багыттар боюнча биргелешкен долбоорлорду талкуулашты. Белгилей кетсек, кызматташуу жылдарында Эл аралык каржы уюмунун колдоосу менен Казакстан 10 миллиард доллардан ашык суммага 300 долбоорду ишке ашырган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков