Казак-орус кызматташтыгынын келечегин
мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен Орусиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүүдө талкуулашты.
Маектештер соода-экономикалык жана энергетикалык тармактарда буга чейин жогорку
деңгээлде жетишилген макулдашууларды толук ишке ашыруу зарылдыгын белгилеп,
Владимир Путиндин Астанага мамлекеттик сапарын сапаттуу даярдоону шартташты. Президенттер
эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.
Касым-Жомарт Токаев Казандагы
БРИКС саммитине катышууга чакырганы үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков