Кытай менен кызматташтык Казакстан экономикасы үчүн натыйжалуу

Кытай менен кызматташтык Казакстан экономикасы үчүн натыйжалуу

Инвестицияларды тартуу, масштабдуу бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу, ири өндүрүштөрдү ишке киргизүү жана транзиттик жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүү. Мунун баары Казакстандын экономикалык дараметин чыңдоого багытталган. Астанада «Борбор Азия – Кытай» саммитин өткөрүү жана ага өлкөнүн активдүү катышуусу көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана узак мөөнөттүү экономикалык стратегияларды ишке ашырууга өбөлгө түзөт. Мындай пикирин мажилистин депутаты Айдос Сарым билдирди. Анын айтымында, Кытай менен өнөктөштүктү бекемдөө Борбор Азия аймагы үчүн, өзгөчө логистика жаатында абдан натыйжалуу болот.


Айдос Сарым, Парламент мажилисинин депутаты:


- Кытай рыногу үчүн Казакстан гана эмес, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана башка өлкөлөр да тартымдуу болушу керек. Биздин милдет-бул багытта колдон келгендин бардыгын жасоо. Туристтер кызыгуу көрсөтүшү керек. Азыр жүктөрдү деңиз аркылуу эмес, биздин аймак аркылуу ташуу Кытай үчүн абдан пайдалуу болуп калды. Биз аны ар түрдүү жолдор менен колдообуз керек.

Которгон: Илгиз Жамлабеков