Казакстан менен Франция кылмыш иштери боюнча өз ара жардамдашууга макулдашты

Казакстан менен Франция кылмыш иштери боюнча өз ара жардамдашууга макулдашты

Мажилисте буга байланыштуу өлкөлөр ортосундагы өз ара укуктук жардам тууралуу келишим кабыл алынды. Документти өлкөнүн башкы прокурорунун орун басары Асет Шындалиев тааныштырды. Анын айтымында, анда юридикалык жардам көрсөтүүнүн шарттары жана тартиби бекитилген. Ошондой эле андан баш тартуунун негиздери аныкталган. Мындан тышкары тараптар бири-бирине мүлктү тинтүү же камакка алуу боюнча суроолорду жөнөтө алышат. Келишим эки тарапка тең окшош кылмыштарды жасаган шектүүлөрдүн жана соттолуучулардын күнөөсүн далилдөө үчүн жараяндарды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Анда каралган чаралардын катарында камакта отургандарды убактылуу өткөрүп берүү жагыда каралган. Мындан тышкары, келишимдин шарттары көзөмөл органынын өкүлүнө тергөөнүн толуктугун камсыз кылууга, күбөлөрдү жана жабырлануучуларды суракка алууга, буюм далилдерди талап кылууга мүмкүндүк берет.

Асет Шындалиев, Казакстандын Башкы прокурорунун орун басары:

- Келишимде юридикалык жардамдан баш тартуунун негиздери да көрсөтүлгөн. Атап айтканда, эгерде өлкөнүн эгемендигине, коопсуздугуна жана коомдук тартибине коркунуч туудурса, эгерде ал адамдын улутуна, динине, жынысына, саясий же идеологиялык ынанымдарына байланыштуу саясий мүнөздө болсо, эскирүү мөөнөтү өтүп кетсе, өтүнүчтү аткаруу тараптардын мыйзамдарына карама-каршы келсе юридикалык жардам көрсөтүлбөйт. Макулдашуу ушундай мүнөздөгү эл аралык келишимдердин негизинде түзүлгөн. Жалпысынан мындай келишимге Казакстан 29 мамлекет менен кол койгон.

Которгон: Илгиз Жамалбеков