"Акорда" резиденциясында төрт мамлекеттин атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринин, ошондой эле Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн башчысынын Казакстандын Президентине ишеним грамоталарын тапшыруу аземи болду. Франция, Финляндия, Канада, Бразилия жана Европа биримдигинин өкүлдөрү дипломатиялык документ тапшырышты. Мамлекет башчысы Казакстан тынчтык дипломатия принцибин карманган өлкө экенин жана эл аралык аренада коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоого олуттуу салым кошо аларын белгиледи. Муну менен катар Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн Бириккен Улуттар Уюму менен глобалдык жана аймактык коопсуздук маселелери боюнча тыгыз кызматташууну улантууга берилгендигин ырастады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков