Өлкөдөгү ири ишканалардан насыяга суроо-талап азайып, тескерисинче, чакан жана орто бизнеске суроо-талап күчөдү. Бул тууралуу Улуттук банктын финансылык туруктуулук жана изилдөө департаменти банктар арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгына таянып билдирди. 2021-жылдын II кварталында чакан бизнес тарабынан банктарга 155 миң арыз түшкөн. Жалпысынан, насыя арыздарынын саны бул мезгил ичинде 9%га өстү. Үчүнчү чейректе банктар бизнестин бардык сегменттери тарабынан суроо-талап өсөт деп күтөт. Муну менен катар банктар азырынча насыя берүү шарттарын өзгөртпөй турганын кабарлады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков