Казакстан чет өлкөлүк түз инвестициялардын көлөмү
боюнча дүйнөнүн алдыңкы 50 өлкөсүнүн катарына кирет. Республика тышкы
каражаттарды тартуу боюнча Борбор Азияда алдыда. Регионго салынган бардык
каражаттардын 60% дан ашыгы Казакстандын үлүшүнө туура келет. Ал эми
инвестициялардын агымын көбөйтүү үчүн тартымдуу шарттарды түзүү зарыл. Бул
мыйзам деңгээлинде туруктуулуктун жана бизнестин укуктарын коргоону камсыз
кылуунун маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири. Бул тууралуу серепчилер Астанадагы
инвестициялык форумдун жүрүшүндө билдиришти. Казакстандын Жогорку сотунун
маалыматына караганда, былтыр баш калаанын Административдик соту
талаш-тартыштардын 80% жакынын чет элдик инвесторлордун пайдасына чечкен.
Натыйжада алар 100 миллиард теңгени сактап калышты. Бул атамекендик Сот
адилеттигинин Калыс позициясынын жана казакстандык мыйзамдардын так иштешин
далилдеп турат.
Габидолла
Оспанкулов, Тышкы иштер министрлиги инвестициялар комитетинин төрагасы:
- Санариптик
инвестициялык платформада жалпы суммасы 44 трлн теңгени түзгөн 950дөн ашык
долбоор катталган. Эгер доллар менен эсептесек-болжол менен 80 миллиард доллар.
Андагы инвестициялык долбоорлор дайыма көзөмөлдө турат. Инвестор-бул өз
каражатына келип, аны биздин өлкөнүн экономикасына салуучу субъект. Биз муну
унутпашыбыз керек. Ошондуктан, бүгүнкү күндө бардык өлкөлөрдө инвесторлор үчүн
күрөш жүрүп жатат. Биз муну жакшы түшүнгөндүктөн, өлкөдө эң мыкты инвестициялык
климатты түзүүгө аракет кылып жатабыз.
Өткөн жылы Казакстан 3 триллион теңгеге жүздөн ашуун инвестициялык келишим
түздү. Өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, инвесторлордун
географиясы дагы кеңейүүдө. Араб өлкөлөрүнүн ишкерлери Казакстанга чоң кызыгуу
көрсөтүп жатышат. Ал эми инвестиция үчүн атамекендик пайдалуу кендерди жана
сейрек кездешүүчү металлдарды иштетүү, логистика, кайра иштетүү жана унаа жасоо
эң тартымдуу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

