Түркиянын текстиль өндүрүшү Казакстан менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар. Анадолу тармагынын өкүлдөрү келишим түзүү жана иш чөйрөсүн аныктоо максатында өлкөгө атайын келишти. Боордош мамлекеттин 10го жакын Дизайнери мыкты кийим моделдерин тартуулашты. Белгилей кетсек, түрк модельерлеринин жаңы эмгектери биринчи жолу казакстандык коомчулуктун назарына сунушталды. Иш-чара Түркия элчилиги жана Стамбул текстиль жана кийим экспорттоочулар ассоциациясы менен биргеликте уюштурулду.
Мустафа Кападжу, Түркиянын Казакстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:
– Бул маданий жана коммерциялык иш-чара. Албетте, Түркиянын бул жердеги өкүлү катары биз түрк токуу өнөрүн жана Түркия менен Казакстандын ортосундагы соода мамилелерибизди мындан ары өнүктүрүүгө умтулабыз.
Митхат Самсама, Стамбул текстиль жана кийим экспорттоочулар бирикмесинин мүдүрлөр кеңешинин мүчөсү:
– Биз бул ишти эмне үчүн Казакстан менен баштап жатабыз деген суроого жооп бере алабыз. Казакстан түрк мамлекеттеринин бири болгондуктан, биз да бул өлкөдө ишибиздин мындан аркы өнүгүүсү жолго коюлат деп ишенебиз. Казакстандык рынокко- каржы борборуна айланып, мода дүйнөсүнө кирүү бизге абдан пайдалуу болот деп ойлойм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков