Казакстан менен Кореянын дипломатиялык мамилесине 30 жыл

Казакстан менен Кореянын дипломатиялык мамилесине 30 жыл

Быйыл Казакстан менен Корея Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орногонуна 30 жыл толот. Бул мезгилдин ичинде тараптардын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык эки эсеге өсүп, кызматташтык эки өлкөнүн өкмөттөрү аныктаган өнөктөштүк деңгээлинде өсүүдө. Казакстан Борбор Азия чөлкөмүндө Кореядан келген инвестиция боюнча алдыңкы орунда турат. Бүгүнкү күндө өлкө экономикасына тартылган инвестициянын көлөмү 4 миллиард долларга жетти. Салттуу тармактарда эффективдүү коммуникация дараметин жогорулатуудан тышкары, IT, биомедицина, акылдуу фермалар сыяктуу жаңы акылдуу технологиялар тармагында биргелешкен долбоорлор ишке ашырылууда.

Ку Хонг-Сок, Кореянын Казакстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:

- Биздин мамилелерибиздин акыркы 30 жылы абдан ийгиликтүү болду. Бирок биздин кызматташтыгыбыздын алдыдагы 30 жылы да маанилүү. Андыктан Корея өкмөтү алдыдагы 30 жылда экономикалык байланыштарга артыкчылык берүүнү улантат жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө бардык күч-аракетин жумшайт. Мунун баары эки өлкөнүн жарандарынын жашоо сапатын жакшыртууга жана калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталат.

Элчинин айтымында, эки өлкөнүн маданиятынын байланышы көңүл сыртында калбайт. Тараптар быйылкы жылды расмий түрдө Маданий алмашуу жылы деп жарыялашты. Анын алкагында ар кандай комплекстүү иш-чаралардын программасы иштелип чыкты.

Ку Хонг-Сок, Кореянын Казакстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:

- Казакстан опера жана балет искусствосу жогору өнүккөн өлкө экенин билебиз. Андыктан быйыл кореялык белгилүү опера ырчысы Джо Самини чакырып, казакстандык аткаруучулар менен классикалык музыка концертин уюштурууну көздөп жатабыз. Ошондой эле, Казакстан белгилүү кореялык сүрөтчүлөрдүн эмгектеринин көргөзмөлөрүн өткөрүүнү мерчемдеп жатканын белгилегим келет.

Кошумчалай кетсек, Кореянын Казакстандагы элчилиги быйыл казакстандыктар үчүн корей эстрадасы, улуттук тамак-ашы жана комикстери боюнча бир катар билим берүү программаларын даярдады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков