Бээжин 2022: Казакстан спортчуларынын өнөрү

Бээжин 2022: Казакстан спортчуларынын өнөрү

Бээжинде өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында лыжа тебүү боюнча 10 км классикалык стилдеги кыз-келиндер арасында казакстандык спортчулар жарышка түштү. Бул аралыктагы жарышка 4 спортчу катышты. Мелдешке чыккан казак спортчулары Ангелина Шурыга 52-орунга, Ксения Шалыгина 53-орунга, Надежда Степашкина 57-орунга, Валерия Тюленева 59-орунга ээ болушту.

Валерия Тюленева, лыжачы:

- Албетте абал оңой эмес, лыжаларды, өзгөчө классикалык лыжаларды кармап туруу жана тебүү үчүн аларды атайын майлоо керек. Аны табуу кыйын. Анын үстүнө капыстан шамал болуп кетти. Муну менен катар, бийиктик дагы чоң роль ойнойт. Анткени бул маанайга көп таасир этет.

Мелдештин 7-күнүндө казакстандыктар спорттун төрт түрү боюнча күч сынашат. Алар лыжа жарышы, биатлон, шорт-трек жана лыжадан секирүү. Ата мекендик лыжачылар Виталий Пухкало менен Евгений Величко 15 чакырым аралыкка жеке жарышта классикалык стилде Олимпиадага катышууга дагы бир мүмкүнчүлүк алышты. Трамплинден секирүүчүлөр Сергей Ткаченко менен Данил Васильев негизги айлампага чыгуу үчүн багын сынап көрүшөт. Тандоо турниринде алар жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп, кийинки турга жолдомо алышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков