Казакстанда жазгы айдап-жыйноо иштерине бөлүнгөн каражаттын көлөмү көбөйөт

Казакстанда жазгы айдап-жыйноо иштерине бөлүнгөн каражаттын көлөмү көбөйөт

Казакстанда жазгы айдап-жыйноо иштерине бөлүнгөн каражаттын көлөмү көбөйөт. Айыл чарба министрлиги бул максатка кошумча 70 миллиард теңге жумшоону көздөөдө. Ошентип, ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүн бюджеттик насыялоонун жалпы суммасы 140 миллиард теңгени түзөт. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында жооптуу тармак министринин биринчи вице-министри Айдарбек Сапаров билдирди. Анын айтымында, кошумча каражаттардын жардамы менен 1300гө жакын кожолук жеткиликтүү насыя менен камсыз болот. Жалпысынан жазгы айдап-себүүгө даярдык маселеси министрликтин такай көзөмөлүндө. Өз кезегинде Премьер-министр Алихан Смаилов өзгөчө көңүлдү экспортко багытталган жогорку түшүмдүү айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө, ал эми дыйкандарга эгин аянттарын көбөйтүүгө көңүл буруу керектигин белгиледи.

Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-Министри:

- Маалым болгондой, бүткүл дүйнөдө айыл чарба өнүмдөрүнө суроо-талап күн сайын өсүп жатат. Суроо-талапка жараша анын баасы да көтөрүлүүдө. Ошондуктан, ички рынокту ата мекендик өнүм менен камсыз кылуу гана эмес, анын экспорттук дараметин жогорулатуу да маанилүү. Буга байланыштуу жазгы айдап-себүүнү өз убагында жана сапаттуу өткөрүү зарыл. Бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча актуалдуу маселе. Өз кезегинде Өкмөт өнөктүктү каржылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чечимдерди кабыл алды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков