«Астана Опера» гастролдук сапары менен Дубайда

Бүгүнкү күндө Дубай - келечектин шаары жана дүйнөгө белгилүү оюн-зоок борбору. Шаарда ар кандай эс алуу жайлары – сейил бактар, пляждар, асман тиреген имараттар жана башка кооз жерлер жетиштүү. Калаанын так ортосунда Дубай опера театры жайгашкан. Анын сахнасында дүйнөгө таанымал артисттер өнөр көрсөтөт. Ал эми өнөр десе ичкен ашын жерге койгон туристтер аларды көрүү үчүн кезекке турушат.

«Астана Опера» театрынын артисттери дүйнөдөгү эң заманбап театрлардын биринде концерт коёт. Бул театрдын Дубайга биринчи гастролу. Алгачкылардан болуп сахнада Георг Фридрих Гендельдин атактуу - «Мессия» ораториясы аткарылды. Аны борбордун жамаатынын симфониялык оркестри менен «Dubai Festival Сhorus» артисттери аткарышты. Ал эми бул өзгөчө концерттин дирижёру Роб Джонстон.

Роб Джонстон, дирижёр:

- Музыканын өзүнүн тили бар. Андыктан көрүүчүлөрдүн кайсы өлкөдөн келгени маанилүү эмес. Негизгиси - биздин жалпы музыкалык тилибиз бар жана ал баарыбызды бириктирип турат. Ошондуктан, мен британиялык болсом да, казак оркестри жана Дубай хору менен иштешүү кыйын болгон жок. Мындай кесипкөй чеберлер менен иштөө ырахат тартуулады. Ушундай чыгармачыл жаматтар, башкача айтканда, артисттер, оркестрлер, дирижёрлор дүйнөнүн булуң-бурчунан чогулуп, чогуу концерт койгон спектаклдер көп болсо деп тилейм.

 

Казакстандык артисттердин айтымында, Дубайдын сахнасында өнөр көрсөтүү алар үчүн чоң жоопкерчилик жана сыймык.

 

Асет Нельдыбаев, «Астана Опера» театрынын ФАГОТОВ тайпасынын концертмейстери:

- Бул абдан кызыктуу жана масштабдуу долбоор. Биз бул программаны болгону 2 айдын ичинде түздүк. 2 жолу толук даярдык көрдүк. Биз үчүн бул биринчи кезекте чыгармачылык чоң өсүш деп ойлойм. Анткени биз башка өлкөлөрдөн келген адамдар менен, башка маданияттын өкүлдөрү менен таанышып жатабыз. Ошондуктан мындай кызматташтык абдан пайдалуу. Анткени чогуу концерт коюп тажрыйба алмашып турабыз. Дубайга чоң тайпа келди. Биз жергиликтүү коомчулукка атактуу Щелкунчик спектаклин тартуулаганы жатабыз.

 

«Астана Опера» театры Чайковскийдин атактуу балетин Дубайдын тургундарына жана конокторуна бештин айынын 15, 16 жана 17си күндөрү сунуштайт. Ал эми симфониялык оркестрди күн сайын Казакстандын эмгек сиңирген ишмери – Абзал Мухитдин жана италиялык маэстро – Джузеппе Акуавива жетектейт.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков