2023-жылдан бери 4,5 миңден ашык этникалык казак кандаш макамын алды

2023-жылдан бери 4,5 миңден ашык этникалык казак кандаш макамын алды

Бул тууралуу Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги билдирди. Кандаштардын жарымынан көбү Өзбекстандан келгендер, Кытайдан, Түркмөнстандан, Монголиядан, Орусиядан жана башка өлкөлөрдөн мекенине кайтып келгендер да бар. Алардын басымдуу бөлүгү Алматы, Мангыстау, Түркестан жана Жамбыл облустарында, ошондой эле Астана, Алматы, Шымкент шаарларында отурукташкан. Эмгекке жарамдуу туугандардын 18 пайыздан ашыгы жогорку, 40 пайызга жакыны орто кесиптик билимге ээ. 1991-жылдан бери өлкөгө 1 миллион 110 миңден ашуун этникалык казактар ​​кайтып келишти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков