Бул объектилердин курулушун 2026-жылы бүтүрүү пландалууда. Өкмөт балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу маселелерин иштеп чыкты. Алдыңкы сезондо 2,8 миллион өспүрүм эс алуу иш-чаралары менен камтылат. Бул үчүн шаарлардын жанындагы 200гө жакын убактылуу жана чатыр лагерлери, ошондой эле 10 миңден ашык мектеп эшигин ачат. Жаш муундарды патриоттуулукка тарбиялоо максатында 500дөн ашык маданий-агартуу, 300дөн ашык спорттук-туристтик иш-чаралар уюштурулат.
Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:
- Облустук акимчиликтер каникул учурунда окуучулардын музейлерге, театрларга, коруктарга, улуттук парктарга жана спорттук жайларга акысыз баруусун камсыз кылышы керек. Алыскы конуштарда жашаган балдар үчүн маданий-тарыхый жерлерге жана Астанага саякаттарды уюштуруу зарыл. Билим берүү министрлиги Маданият министрлиги менен бирдикте балдарды ийримдер, секциялар жана эс алуу иш-чаралары менен камтуу жана алардын бош убактысын натыйжалуу уюштуруу үчүн, улуттук билим берүү маалымат базасынын негизинде бирдиктүү электрондук аянтча түзүү маселесин чечиши керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков