Казакстан менен Корея өнөктөштүктү кеңейтүүдө

Казакстан менен Корея өнөктөштүктү кеңейтүүдө

Казакстан менен Түштүк Корея кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрүп жатат. Алатау шаарын өнүктүрүү негизги багыттардын бири болот. Тараптар бул боюнча өкмөттөр аралык макулдашуу даярдап жатышат. Документ өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарын жана долбоордун мындан аркы жол картасын аныктайт. Кореянын KIND корпорациясы стратегиялык өнөктөш катары каралууда жана интеллектуалдык инженердик тармактарды, заманбап транспорттук инфраструктураны, турак жай аймактарын жана мастер-пландарды түзүүгө катыша алат. Долбоорду ишке ашыруу маселелери борбор калаада эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгы боюнча биргелешкен комиссиясынын 11-жыйынында талкууланды. Эске салсак, жакында Алатау шаарынын өзгөчө укуктук режими жөнүндө Конституциялык мыйзам кабыл алынган. Документ инвесторлор үчүн өзгөчө шарттарды, жөнөкөйлөштүрүлгөн административдик жол-жоболорду жана бизнести колдоонун заманбап механизмдерин карайт.


Ерсайын Нагаспаев, Казакстан Республикасынын өнөр жай жана курулуш министри:


– Казакстан тарабынын сунушу менен Алатау шаарын өнүктүрүү боюнча Өкмөттөр аралык макулдашууну даярдоо иштери жүрүп жатат. Менин билишимче, тараптар тиешелүү иштерди башташкан. Бул документ кызматташтыктын жалпы мамилелерин жана артыкчылыктарын бекемдеп, мындан аркы иш-аракеттердин жол картасын аныктоого мүмкүндүк берет. Менимче, биздин эки тарап тең бул документти жетиштүү түрдө ыкчам карап чыгып, быйыл мамлекет башчыбыз Касым-Жомарт Токаевдин Кореяга болгон сапарынын алкагында кол коюуга даяр болот.¤


Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкөлөр жалпы наркы төрт миллиард долларга жеткен 46 биргелешкен долбоорду ишке ашырууда. Тараптардын өнөктөштүгү өнөр жай, энергетика, курулуш, транспорт жана жогорку технологиялуу тармактарда өнүгүп жатат. Транскаспийлик транспорттук каттамдары өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Казакстан кореялык компанияларды Ортоңку коридордун инфраструктурасын модернизациялоого катышууга чакырды. Эске салсак, Түштүк Корея өлкөнүн негизги экономикалык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Акыркы 10 жылда кореялык инвестициялардын көлөмү 8 миллиард долларга жетти, ал эми өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча товар жүгүртүү 3 миллиарддан ашты.


Ким Чон Кван, Корея Республикасынын соода, өнөржай жана ресурстар министри:


Ресурстук кызматташтык жана өнөр жай долбоорлору сыяктуу салттуу багыттар менен катар стратегиялык мааниге ээ минералдар, технологиялык кызматташтык жана жаңы шаарларды өнүктүрүү тармактарындагы өз ара аракеттенүү да кошулду. Экономикалык өнөктөштүк жөнүндө келишим боюнча ишти жандандыруу керек деп ойлойм. Документ өлкөлөр ортосундагы экономикалык кызматташтыкты бекемдөө жана жеткирүү чынжырларынын туруктуулугун жогорулатуу үчүн негиз болушу мүмкүн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков