Астанада Регионалдык экологиялык саммит башталды. Эл аралык иш-чарага катышуу үчүн Борбор Азия мамлекеттеринин жана башка бир катар өлкөлөрдүн башчылары кечээ Казакстандын борборуна келишти. Саммит бир нече күн бою уланат. Анын катышуучулары туруктуу өнүгүү, климаттын өзгөрүшү, «жашыл» экономикага өтүү, ошондой эле кызматташтыкты кеңейтүү сыяктуу негизги регионалдык жана глобалдык экологиялык көйгөйлөрдү талкуулашат. Эскерте кетсек, мындай масштабдагы форумду өткөрүү демилгесин Президент Касым-Жомарт Токаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясында көтөргөн. Саммит уюм менен өнөктөштүктө уюштурулууда.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

