Транспорт
министрлигинде казакстандыктарды Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн чыгаруу чаралары
талкууланды. Анын алдында ыкчам штабдын жыйыны болуп өттү. Белгилей кетсек, бир
нече миң казакстандыктар мекенине кайта албай жатат, анткени аймактын үстүндөгү
аба мейкиндиги жабык же Иранда, Израилде, БАЭде, Бахрейнде, Кувейтте,
Иорданияда, Сауд Арабиясында, Катарда, Оманда, Иракта жана Ливанда туруксуз
абал сакталууда. Казакстандык авиакомпаниялар аталган мамлекеттердин аба
мейкиндиги ачылганда кайра кайтуу рейстери үчүн аба кемелерин бөлүүгө даяр.
Эвакуация маселелери Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте
координацияланууда, ал мамлекеттик органдар жана чет өлкөлөрдүн бийликтери
менен күнү-түнү байланышты камсыздайт. Казакстандын элчиликтери күчөтүлгөн режимге
өткөрүлдү, жарандарга консулдук жардам көрсөтүлүүдө. Аймакта жүргөн бардык
казакстандыктардын, анын ичинде транзиттик зоналарда жүргөндөрдүн тизмеси
жаңыланууда. Тез байланыш линиялары ачылды. Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн
кызматкерлери туристтик компаниялар менен биргеликте аэропорттордо жана
транзиттик зоналарда жүргөн жарандарды жайгаштыруу маселесинде көмөк
көрсөтүүдө. Казакстандын жарандарынын арасында жабыркагандар тууралуу маалымат
түшкөн жок.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

