Казакстан менен Кениянын президенттери «Alem.ai» борборуна барышты

Казакстан менен Кениянын президенттери «Alem.ai» борборуна барышты

Казакстандын жана Кениянын президенттери Alem.ai Эл аралык жасалма интеллект борборуна барышты. Касым-Жомарт Токаев менен Уильям Руто анын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты. Ошондой эле эки өлкөнүн лидерлерине музейдин экспозициясы, жасалма интеллект кинотеатры көрсөтүлүп, борбордун узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясы тууралуу айтып беришти. Мамлекет башчыларына видеоаналитика, коомдук коопсуздук, транспортту башкаруу жана шаардык кызматтарды онлайн режиминде координациялоо жаатындагы мүмкүнчүлүктөрү бар Astana Smart City системасы да сунушталды.


Ал эми «Астана» эл аралык каржы борборунда Касым-Жомарт Токаевге жана Уильям Рутого борбордун аймактык инвестиция тартуу жана Казакстан менен Кениянын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү аянтчасы катары ишмердүүлүгү тууралуу айтып беришти. Мындан тышкары, АЭКБнын капитал рыногун түзүү, туруктуу, «жашыл», исламдык жана авиациялык каржылоону өнүктүрүү сыяктуу негизги иш багыттары көрсөтүлдү. Белгилей кетсек, АЭКБнын экосистемасында 90 өлкөдөн 5,5 миңден ашык компания катталган, ишмердүүлүгүнүн бардык жылдарында тартылган инвестициялардын көлөмү 22 миллиард долларга жетти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков