К. Токаев жаңы Конституциянын текстинин үстүндө өзү иштеди

К. Токаев жаңы Конституциянын текстинин үстүндө өзү иштеди

Мамлекет башчысы жаңы Конституциянын текстин даярдоого жеке өзү катышты. Бул тууралуу телеканалга берген маегинде Президенттин Администрациясынын жетекчиси Айбек Дадебай билдирди. Анын айтымында, Баш мыйзамдын долбоорунун үстүндөгү иштер кызуу жүргүзүлүп, мамлекет башчысынын түздөн-түз катышуусунда ишке ашырылган. Касым-Жомарт Токаев документти дыкат иштеп чыгуу үчүн атайын убакыт бөлүп, жарандардын, серепчилердин жана коомдук уюмдардын сунуштарын изилдеп, ошондой эле кеңешчилери менен биргеликте жаңы Конституциянын кириш бөлүгүн, бөлүмдөрүн жана беренелерин редакциялоо менен алектенген.

Айбек Дадебай, Президент Администрациясынын жетекчиси:

– Жалпысынан алганда, акыркы жарым жылда президент жумасына бир жолудан кем эмес, кээде андан да көп жолу алгач парламенттик реформа боюнча жумушчу топтун өкүлдөрү жана жетекчилери, андан кийин Конституциялык комиссиянын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү. Бул жолугушуулар кээде бир сааттан ашыкка созулду. Ушундан эле иштин темпин баамдоого болот. Жаңы Конституциянын долбоорунда мамлекет башчысынын саясий багытынын негизги принциптери, анын мамлекеттик түзүлүш модели, бийлик бутактарынын тең салмактуулугу жана коомдук өнүгүүнүн багыттары боюнча көз карашы жакшы чагылдырылган. Ошондуктан, Касым-Жомарт Кемелевич биздин жаңы Конституциянын башкы автору экени талашсыз.

Айбек Дадебай белгилегендей, учурда өлкөдө республикалык референдумга карата кызуу даярдык иштери жүрүп жатат. Референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссияга өзгөчө роль берилет.

Айбек Дадебай, Президент Администрациясынын жетекчиси:

– Алдыдагы добуш берүүнүн мамлекет үчүн да, ар бир жаран үчүн да стратегиялык маанисин эске алуу менен, мыйзамда каралган бардык жол-жоболорду жана ченемдерди сөзсүз сактоо негизги артыкчылык  болуп саналат. Буга байланыштуу Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга өзгөчө роль таандык. Мамлекеттик органдардын башкы милдети – добуш берүү үчүн зарыл болгон инфраструктураны камсыз кылуу, шайлоо участкаларынын ишин уюштуруу, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн зарыл шарттарды түзүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков