МАГАТЭ Казакстанга АЭС салуу боюнча консультативдик көмөк көрсөтөт

МАГАТЭ Казакстанга АЭС салуу боюнча консультативдик көмөк көрсөтөт

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин кезектеги комплекстүү миссиясы жыл аягына чейин өлкөгө келет. Эске сала кетсек, адистер атомдук электр станциясын куруу боюнча Казакстандын өкмөтүнө керектүү консультациялык жардам көрсөтмөкчү. Венада Казакстандын эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү Мухтар Тлеуберди МАГАТЭнин башкы мүдүрү Рафаэль Гросси менен жолугушуп, эл аралык уюмга мүчө болуу өлкө үчүн чоң мааниге ээ экенин билдирди. Ошондой эле, туруктуу өкүл Касым-Жомарт Токаевдин АЭСти куруу маселесин жалпы элдик референдумга алып чыгуу сунушун да айтып өттү. Белгилей кетсек, жазында Казакстанга эл аралык серепчилер келишкен. Миссиянын алкагында Казакстандын атомдук энергетика инфраструктурасын өнүктүрүү, анын ичинде биринчи атомдук электр станциясын куруу маселеси талкууланды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков