Башкача айтканда, өлкөдө өндүрүлгөн өнүмдүн 40%га жакынын чет мамлекеттер импорттойт. Energyprom ресурсунун маалыматына ылайык, ички керектөө бир аз өстү. Ички жана тышкы рыноктун суроо-талабын канааттандыруу үчүн өндүрүш көлөмү көбөйтүлдү. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча күн карама майы 2021-жылга салыштырмалуу 62%га көп өндүрүлгөн. Өсүш негизинен тазаланбаган суюк май эсебинен камсыздалган. Болжол менен адаттагыдан эки эседен артык өнүм өндүрүлдү. Өндүрүштүн жана суроо-талаптын кеңири жайылышы жана чийки зат наркынын жогорулашы даяр өнүмдүн баасынын өсүшүнө алып келди. Натыйжада, күн карама майынын сатуу баасы бир жылдын ичинде 17%га чейин көтөрүлгөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков