Казакстанда 12 миң чакырым жолдо оңдоо иштери жүрүп
жатат. Анын ичинен 7 миңи бүткөрүлүп, быйыл пайдаланууга берилет. Бул тууралуу
транспорт министри Марат Карабаев өкмөттүн жыйынында билдирди. Мекеменин
планына ылайык, бир катар жолдор 1-2-категорияга алмаштырылат. Бул коопсуздук
деңгээлин жогорулатуу үчүн жасалууда. Ал үчүн бир нече жол тилкелеринде 4
тилкелүү кыймыл уюштурулуп, атайын тилкелер жасалып, жол белгилери, буферлер
жана жарыктандыруулар орнотулат. Мындан тышкары айланма жолдор жана жөө
жүргүнчүлөр үчүн өтмөктөр да салынды.
Марат Карабаев, транспорт министри:
- Жол куруу талаптары кайра каралып, азыр бардык
жаңы долбоорлорду кайра жаңылоо иштери 2 фазага бөлүндү. Биринчиси,
колдонуудагы жолдун жанына жаңы жол салуу, экинчиси, учурдагы жолду оңдоо.
Курулуш башталганга чейин долбоорлор боюнча эл аралык стандарттарга ылайык жол
кыймылынын коопсуздугуна аудит жүргүзүлүп, бул өз кезегинде кырсыкка кооптуу
аймактарды аныктоого жана чечим кабыл алууга мүмкүндүк берет.
Өкмөттүн жыйынында өрт кооптуулугу учурунда
көрүлгөн чаралар да талкууланды. Анын үстүнө «Казгидромед» ишканасы өрт
коркунучу жайдын аягына чейин сакталаарын болжолдоодо. Мамлекет башчынын
тапшырмасына ылайык, табигый өрттүн алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Тактап айтканда, алдын ала эскертүү жана кызматташуу механизмдери иштелип
чыгууда. Мындан тышкары мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Бирок айрым токой
чарбаларынын материалдык-техникалык жана санариптик өрткө мониторинг жүргүзүү
маселелери толук чечиле элек. Премьер-министр министрликтерге жана облус
акимдерине токой өртүнө каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды.
Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:
- Бул иште санариптик системаларды активдүү
колдонуу туура. Учкучсуз учуучу аппараттарды кеңири колдонуу зарыл. Алар
токойлорду жана талааларды абадан толук кароого мүмкүндүк берет. Жалпысынан
алганда, учкучсуз учактар экономиканын түрдүү тармактарында колдонууда дарамети
чоң. Андыктан Өнөр жай министрлиги Казакстанда дрон өндүрүшүн
локалдаштыруу маселесин карашы керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков