Өкмөттө инвестициялык абалды жакшыртуу боюнча кеңештин жыйыны өттү

Өкмөттө инвестициялык абалды жакшыртуу боюнча кеңештин жыйыны өттү

Казакстанда фармацевтикалык өндүрүштүн масштабы кеңейүүдө. Өлкөдө чет элдик инвесторлорду колдоо чаралары өндүрүштү обочолоого, инновациялык дары-дармектерди чыгарууга, ошондой эле технологияларды которууга жана адистерди даярдоого көмөктөшүүгө мүмкүндүк берди.  Бүгүнкү күндө фармацевтикалык өнүмдүн 2,5 миңге жакын түрүн чыгаруу боюнча 34 өндүрүүчү менен 90 узак мөөнөттүү келишим түзүлдү. Маселен, Казакстан бул жаатта Pfizer, Roche жана AstraZeneca сыяктуу алдыңкы дүйнөлүк компаниялар менен тыгыз өнөктөштүк мамилелерди түздү. Акыркысы өлкөдө өндүрүштү орнотуу үчүн 5 миллион доллар инвестиция салган. 2030-жылга чейин анын көлөмүн болжол менен 40 миллион долларга жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министринин төрагалыгы алдында өткөн инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча кеңештин жыйынында айтылды. Жыйында элчиликтердин, Америкалык Соода палатасынын өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык компаниялардын аймактык мүдүрлөрү саламаттык сактоо тармагында кызматташуу маселелерин талкуулашты. Катышуучулардын айтымында, өлкөнүн региондогу технологиялык өндүрүштүк хаб болуу мүмкүнчүлүгү чоң.

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:

- Президент Касым-Жомарт Токаев элге Кайрылуусунда улуттун ден соолугун чыңдоо боюнча чаралардын комплексин ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи. Бул милдеттин маанилүүлүгүн эске алуу менен өкмөт саламаттык сактоо системасын өркүндөтүү боюнча бардык чараларды көрөт. Биз инвестициялардын көлөмүн көбөйтүүгө, өндүрүштү обочолонтууга, инвесторлордун катышуусу менен жогорку деңгээлде кайра иштетилген өнүмдү өндүрө турган кластер түзүүгө ниеттенебиз.

Дмитрий Занчев, Борбор Азиядагы GE HEALTHCARE президенти:

- Казакстандын тартымдуу учуру - мында инвесторду тандоо жана аны коштоо механизмдери жакшы жолго коюлгандыгы болуп саналат. Евразия континентинин аймагындагы эң мыктысы. КазакИнвест компаниясы инвестицияларды тартуу боюнча башынан аягына чейин соңуна чейин колдоо жана квалификациялуу кеңештерди берип келет. Ишкерлер менен сүйлөшүүлөргө комплекстүү колдоо көрсөтөт. Инвестиция тууралуу келишимге арыз берүү үчүн зарыл болгон документтерди даярдоо сыяктуу маанилүү иштер менен да эч кандай жардамын аябайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков