RES 2026 EXPO көргөзмөсүндө 2,3 млрд долларга 17 келишимге кол коюлду

RES 2026 EXPO көргөзмөсүндө 2,3 млрд долларга 17 келишимге кол коюлду

2 миллиард доллардан ашык суммага экологиялык ондогон демилгелер. Астанада Регионалдык экологиялык саммиттин эл аралык көргөзмөсүндө 17 келишимге кол коюлду. Алардын дээрлик бардыгы Борбор Азия аймагында «жашыл» жана туруктуу технологияларды киргизүүнү көздөйт. Башкача айтканда, документтер аймакта энергетика жана туруктуу өндүрүш тармагындагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган. Мисалы, Казакстан менен Италия бул багытта өнөктөштүк чөйрөсүн кеңейтип, алдыңкы технологиялар менен алмашуу жана «жашыл» демилгелерге инвестиция тартуу боюнча макулдашты. Ушул сыяктуу дагы бир меморандумдун алкагында кайра жанма энергия булактарын өнүктүрүү үчүн чет элдик капитал салынат. Бул каражат Караганды облусунда наркы 645 млн доллар болгон кубаттуулугу 500 мегаваттык шамал электр станциясын курууга жумшалат. Дагы бир келишим «таза» отунга өтүү аркылуу өндүрүш ишканаларын жаңыртууга багытталган. Бул катарда 650 млн доллардын калий жер семирткичин өндүрүү долбоору да бар. Мындан тышкары, жашыл авиаотун, карбон өндүрүшүн ишке киргизүү жана таштандыларды азайтууга багытталган алдыңкы экологиялык чечимдерди киргизүү боюнча бир катар документке кол коюлду.

Дилором Султамуратова, көргөзмөнүн координатору:

– Бул көргөзмө Кызыл китепке кирген экосистемаларды жана жаныбарларды коргоо, суу ресурстары, суунун сапаты, жердин деградациясына каршы күрөшүү сыяктуу сегиз негизги багытты камтыйт. Би-ту-би, би-ту-джи жолугушуулар аянты жасалган, башкача айтканда бизнес менен бизнес, өкмөт менен бизнес сүйлөшүүлөрү жүрөт, келишимдерге жана макулдашууларга кол коюу, жаңы өнөктөштөрдү табуу мүмкүнчүлүгү сунушталган. Атүгүл каржылык колдоо табуу ыктымалдыгы да бар, себеби инвесторлор да ушул көргөзмөгө катышып жатат, ошондуктан алар дагы пайдалуу жол менен каржы сала турган багыт таба алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков